Menu

Ийгиликтүү спорттук беттинг жана ыктымалдуулук теориясы

Успешный спортивный беттинг
Биздин мектептин экинчи деңгээлинде ыктымалдуулуктун спорттук ставкалардагы орду тууралуу сабак болгон. Бирок, бул спорттук беттингде орлу чоң болгон түшүнүк. Ошондуктан бул теманы кеңейтип, жаңы макалада беттордун ийгилиги менен математикалык ыктымалдуулуктун ортосундагы байланышты айтып беребиз.

Ыктымалдуулук теориясы спортко кандай таасир этет?

Бардык окуяны ыктымалдуулук теориясы тарабынан кароого болот. Бирок, тактык үчүн ар дайым эле жөнөкөй формулалар ылайык келбейт. Ошентип, эгерде сөз монета тууралуу болуп жатса, эки беттин келип түшүү ыктымалдуулуга 50% түзөт. Башкача айтканда, эки жакты көрүү шансы бирдей. Ошондой эле оюн учурунда эки команданын же оюнчунун утуу шансы 50% түзөт. Бирок, бул теория. Практикада такыр башка.

Бардык окуяларга түрдүү факторлор таасир этет. Монета менен болгон учурда оюнчу аны катуу, тез ыргыта алат. Спортто болсо, матчтан мурун команданын курамы өзгөрүп же спортсмен травма алып калган жагдайлар болот. Бул нерсенин бардыгы катышуучуларга каршы иштейт.

Ошондуктан, макалада коэффициенттерди кароого сунуш кылдык. Алар матчтын же оюндун абалын көрсөтөт. Букмекер ыктымалдуулукту өз формулаларына жана аналитикалык команданын айтуусуна карат түзөт. Ошондуктан, жаңы оюнчуларга бул маалымат пайдалуу.

Ийгиликтүү беттингдин башкы себептери?

Профессионалдуу беттор болуу жана ставкалардан киреше алуу үчүн беттор ыктымалдуулук теориясын практикада колдонгонду үйрөнүшү керек. Айтылган сабакта биз ыктымалдуулукту аныктоонун 3 ыкмасы тууралуу айттык (априордук, эмпирикалык, субъективдүү). Ошондой эле коэффициенттерди ийгиликке айланткан формулалар тууралуу айттык. Ошондуктан, бул нерсеге токтобостон, спорттук беттингде ийгилик деген эмне тууралуу айтып берели. Бул жакта ыктымалдуулуктун орду кандай?

Жаңы колдонуучулар алдыдагы жоопторго көңүл буруусу керек:

  1. Дисперсияны эске алыңыз. Монета тууралуу болгон мисалда ыктымалдуулук ар бир жак үчүн 50%. Бул эгерде тыйындын бир тарабы түшсө, кийин экинчи тарабы түшөт деген сөз. Бирок, бул туура эмес. Бир канча жолу бир эле тарап туш боло бериши дагы ыктымал. Бул ыктымалдуулук баш тартуулары дисперсия деп аталат. Аны ставкаларды коюп жатканда эске алуу керек.
  2. Окуянын ыктымалдуулугун эч ким билбейт. 100% ишенимдүүлүк менен бул же тигил команда же спортсмен оюнда утат деп айтууга болбойт. Математикалык формулалар жана эсептер матчтын жыйынтыгын алдын алууга гана жол берет. Ошондуктан ар бир ставка — бул утуш шансы бар тобокелчилик.
  3. Шашылыш чечим кабыл албаңыз. Аз сандагы ставка коюп, оюнчулар өз стратегиясынын эффективдүүлүгүн баалай алышат. Бирок, бул кадам толук картинаны көргөзбөйт. Стратегия кирешелүүбү жокпу билүү үчүн көп жыйынтык керек. Бул дисперсияны эске алууга жардам берет.
  4. Азыркы акыбалды баалаңыз. Оюнчу спорттук матчтарга ставка кое баштагандан кийин ал мурунку статистикага эмес, башка факторлорго көңүл бурушат. Бул субъективдүү ыктымалдуулукка кирет. Бирок, паринин утуу ыктымалдуулугу башында азыраак.
  5. Казинодо букмекердик конторалар. Букмекерлик конторалардын иш-аракетин казинолорго салыштыруу керек эмес. Бирок, окуялардын ыктымалдуулугу мурун эле белгилүү жана аны тагыраак эсептесе болот. Спортто бул татаалыраак. Бул жерде ньюанстарга көңүл буруп, аларды ставка коюуда эмке алуу керек.

Акырында, ыктымалдуулук теориясына көңүл бурууну сунуш кылабыз. Ал матчты анализдөө сыяктуу эле маанилуу фактор. Бул эки инструментти туура пайдалануу жаңы колдонуучуга тажрыйбалуу беттор болууна жардам берет.


Ошондой эле окуңуз