Menu

1xBet: эмне болгон букмекердик контора?

1xbet что это

1xBet компаниясы өз брендин Интернетте жана оффлайн жайылтат. 1хБет тууралуу маалыматты тематикалык гэмблинг аянтчаларында гана эмес, медиялык сайттарда, пират сериалдарында, ФК «Барселона», «Челси», Африка футбол конфедерациясында (бул жерлерде букмекер демөөрчү катары орун ээлейт) окуса болот. Ошондуктан Интернеттин көпчүлүк колдонуучулары жана спорт сүйүүчүлөрү 1хБет тууралуу укса керек. Эгерде сиз букмекер тууралуу уккан эмес болсоңуз жана ал эмне деп кызыксаңыз, кыскача ал тууралуу айтып беребиз.

1хБет тарыхы: компания кантип өнүккөн?

Киришүүдө айтылгандай,  1xBet (1хБет) — бул азарттык оюнчулардын арасында белгилүү болгон букмекердик контора. Ал Россияда 2007-жылы түптөлүп, кабыл алуу пункттарында кызматын көрсөтө баштаган. 2010-жылга чейин букмекердин кеңселери РФнын ири шаарларында жана Украина, Беларусь, Казахстанда пайда боло баштаган. Контора ондогон ставка сунуштарын камтып, рынокто бирден бир лидерлерден болгон.

2010-жылдан тарта компания веб-сайттын үстүндө иштей баштайт. Ал бир жылдан соң, 2011-жылы ишке киришкен. Анын иш алып баруусу үчүн Кюрасаодон атайын лицензия алынган — ал конторага колдонуучуларды дүйнө жүзүнүн каалаган бурчунан кабыл алууга жол берген. Бул кадам букмекердик конторанын тез популяризация болушуна жол түзгөн (КМШ жана Европа мамлекеттеринде).

БК 1хБет (1xBet) белгилүүлүк алгандан тарта, Россия көзөмөлдөө органдары менене маселе жарала баштаган. Россия мыйзамдары конторанын иш алып баруусуна катуу чектөөлөрдү коюу менен биргеликте онлайн иш алып барууну биротоло жокко чыгарган. Ошондуктан конторанын 1хbet.com сайты Роскомнадзор тарабынан блокко алынат. Анткен менен бул маселени альтернативдүү сайттарды же VPN-сервисин колдонуу менен чечсе болот.

Россия территориясында бардык ставка кабыл алуу пункттары (600дү түзчү) 1хСтавка компаниясына таандык болуп калган. Бул 1хБеттин Россиялык аналогу — бирок Россия мыйзамдарына ылайык иш алып барат. Ошондуктан, сунушта, сайттын жасалгасында, акцияларда окшоштуктарды байкоого болот. Алардын ортосунда окшоштуктар байкалганы менен, 1хБет жана 1хСтавка — эки башка букмекерлер.

Бүгүн БК 1xBet гэмблинг рыногунда бирден бир белгилүү букмекерлерден болуп саналат. Анын кызматы менен жарым миллиондон ашык адам колдонот. Бул нерсеге көп факторлор таасир эткен: оферта, бонустардан баштап, жарнамага чейин. 

БК 1xBet кайсыл жерде катталган?

1хБет букмекердик конторасы 2011-жылы веб-сайты ишке киришкенден кийин юрисдикциясын өзгөрткөн. «1X Corp N.V.» компаниясы 1xBet брендин жайылтуу менен биргеликте, Кюрасао тарабынан катталган. Бул өлкө Нидерландынын курамына кирет. Ошондуктан сервистин иштөөсүнө болгон бардык нааразычылыктар каттоочуга жиберилиши зарыл.Соттогу кызыкчылыктарды коргоо дагы Нидерландынын мыйзам чегинде чечилет. Бирок, бул татаал жана узак процедура. Ошондуктан, билдирүүлөр менен катточуга гана кайрылуу туура болот. Ошондой эле букмекер бардык маселелерди колдонуучунун пайдасына чечүүгө аракет кылат.

Бул талдоодон кийин 1хБет эмне экени тууралуу билип калдыңыз деп ишенебиз. Спорттук ставкалар сизге кызык болсо, жаңы колдонуучулар мектеби  менен тааныша аласыз.


Ошондой эле окуңуз