Menu

Спорттук ставкаларда ROI деген эмне жана аны кантип өлчөөгө болот?

ROI в спортивных ставках

Инвестициялардан түшкөн киреше — бул ар бир оюнчунун киреше деңгээлин салыштырууга уруксат берген көрсөткүчү. Анын аркасы менен инвестициялардын акталышын байкап жана тандалган стратегия канчалык эффективдүү болушун түшүнсө болот. Ошондуктан, жаңы сабакта ROI көрсөткүчү жана аны эсептөө тууралуу кеп кылабыз.

ROI көрсөткүчү спорттук ставкаларда эмнени билдирет?

Спорттук ставка кылып жаткан ар бир оюнчуга ставкадан түшкөн киреше кызык болот. Ал үчүн инвестицияларды эсептөө керек. Так жоопту алуу үчүн татаал эмес ROI түшүнүгүнүн аркасында турган математикалык формулаларды колдонуу керек. Бул абревиатуранын артында Return on Investment деген сөз катылып турат. Ал англис тилинен «кайтарым» деп которулат. Башкача айтканда — бул спорттук ставкага коюлган каражатты баалоого болгон проценттик чоңдук.

Ошентип, ROI көрсөткүчү бетторлорго коюлган ставкаларды анализдөөгө жардам берет. Ыңгайлуу көрсөткүчтүн аркасынан тандалып алынган стратегияны пайдалануу же коюлган парилердин ыкмасын өзгөртүү боюнча чечим кабыл алса болот. Ошондуктан жаңы колдонуучуга бул көрсөткүчтү эсептөөнү үйрөнүп, спорттук беттингде колдонуу керек.  Андан тышкары, беттор көп ставка кылганда, букмекер менен оюнун анализ кылгысы келет.

Инвестицияларды кайтаруу көрсөткүчү кантип эсептелинет?

 

ROI көрсөткүчүн алуунун бир канча формулалары бар. Бизнесте жана финансылык инвестицияларда, тактык бааланган жерде, татаалыраак эсептер колдонулат. Бирок, спорттук беттинг үчүн проценттин жүздүк үлүшү өтө маанилүү эмес. Ошондуктан, эң жөнөкөй жана эффективдүү формуланы көрсөтүп берели.

Инвестицияларды кайтарып алуу жалпы формуласы төмөндөгүдөй:

ROI = (таза киреше / инвестициялардын көлөмү) * 100%, ошону менен таза киреше= кирешенин көлөмү – инвестициянын суммасы.

Бул формуланы ставкалар үчүн пайдалансак:

ROI = ((утуш суммасы – ставкалардын суммасы) / ставкалардын суммасы) * 100%

Мисал келтирип көрөлү:

Алгачкы банкролл 500 доллар болчу дейли. 10 ставка коюлду. Алардын ичинен 6сы утушка, 4 — утулушка дуушар болду. 10 ставканын жыйынтыгында беттордун колунда 700 доллар калды. Берилген маалыматка ылайык спортко коюлган париден түшкөн кирешени эсептесе болот:

ROI = ((700 – 500) / 500) * 100 = (200 / 500) * 100 = 40%

Ошентип, оюнчу инвестициясын актап, 40% киреше ала алды. 

ROI көрсөткүчүн эсептөө оюнчу үчүн эмнени берет?

Көпчүлүк жаңы колдонуучулар “Эгерде сен плючка чыксаң, бул формулалардын эмне кереги бар?” деп суроо узатышат. Бул көп эмес ставкалар үчүг актуалдуу эле суроо. Ал эми ставкалардын саны көбөйгөн учурда жана акча эсепке дароо которулбаган кезде бардык беттинг кампаниясына талдоо жүргүзүү зарыл. Бул учурда ROI формуласын эсептегенден оңой нерсе жок. 

Бирок, белгилей кетүү керек, ROI оң, терс жана нөлдүк мааниге ээ болушу ыктымал. Биринчи учурда оюнчу париге кетирген акчасынан киреше табат. Эгерде инвестициялардын акталыш көлөмү нөлгө барабар болсо, беттор ставкалардан эч нерсе ала албайт (бирок минуска дагы кеткен жок). Ошентип, кирешени эсептегенден тышкары оюнчу тандалган стратегиясы эффективдүүбү көрө алат. 

Жаңы колдонуучулар дароо эле бийик ROIго үмүт этпеши керек. 0-10% көрсөткүч — бул жаман эмес жыйынтык. Башкысы ал терс болбошу керек. Керектүү тажрыйбаны жана билимди алгандан кийин гана бийик көрсөткүч тууралуу айтса болот.

Акырында инвестициялардын акталышы өтө жакшы курал жана беттор үчүн индикатор деп айтсак болот. ROIүдун аркасынан оюнчунун ставкаларына жалпы баамдоо жүргүзсө болот. Ошондуктан, эгерде сиз анализдин бул түрүн колдоно элек болсоңуз, ставкалар күндөлүгүн колдонууну сунуштайбыз. Бул профессионалдуу оюнчу болууга дагы бир кадам. 


melbet Portugal

Ошондой эле окуңуз