Menu

Ставкалар психологиясы: кандай кадамдар оюнчуну ийгиликке жеткирет?

Психология ставок

Ставкалардын психологиясы тууралуу сабагыбызды улантабыз.СИз бул темада көп эле жолу сөз болду деп ойлошуңуз мүмкүн. Чындыгында, оюнчунун маанайы, чечим чыгаруу процедурасы жана беттингге таасир эткен эмоциялар тууралуу көп жолу айтууга болот. Биз негизги принциптерди гана карап чыккыбыз келип турат — алар оюнчуларга тажрыйба топтоого жардам берет. Ошондуктан бүгүн бетторду ийгиликке алып келчү кадамдар тууралуу кеп болот..

Ставкалардагы ийгиликке эмне таасир этет?

Биздин мектептин алкагында билим, практика, маанай жана тажрыйба тууралуу сөз болду. Спорттук ставкалар канчалык көп болсо, ошончолук матчтын алдын ала жыйынтыгын айтуу оңой болот. Мурунку сабакта белгилүү бетторлор математикалык билимдерин стратегия түзүүдө кантип колдонушканы тууралуу айтканбыз. Андан тышкары оюнчуларга өзүнө ишенүү жардам берген. Булардын бардыгы спорттук ставкаларда ийгиликке жетишүүгө жардам берген. 

Жогоруда айтылган аспекттерди паринин психологиясы изилдейт. Акыл-эсти контролдой билүү, жаңы билимди өздөштүрүү жана практика — бул нерсенин бардыгы ийгиликке жеткирет. Ставка психологиясы өтө кеңири түшүнүк болгондуктан, жаңы колдонуучуларга жардам бере турган 5 негизги кадамды белгилей кеттик. 

Спорттук ставкаларда максатты аныктоо

Ар бир оюнчу биринчи кадам катары максат коюшу керек. Эгерде бетторго пари ырахат алып келсе, анда жөнөкөй эле стратегияны кылуу жетиштүүбү? Ал эми профессионалдуу оюнчу болгусу келген оюнчуларга көбүрөөк практика кылуусу керек. Бул тууралуу биз мурунку сабакта айтканбыз.

Беттингдеги максат кандай болушу керек? Максималдуу түрдө деталдуу жана түшүнүктүү. Мисалы, “мен алдыңкы алты айда киреше тапчу беттор болгум келет. Менин максатым — жумалык киреше 1000 доллар алуу” же “Менин максатым — 2022 футбол сезонунда жок дегенде 5000 доллар табуу”. Ошентип, максат койгондон кийин, оюнчу анын аткарылышына кирише алат.  

Парини коюуда реалдуу күтүүлөр 

Париде максат коюу чындыгында маанилүү. Бирок, оюнчу жогору коюлган күтүүлөр жана татаал максаттар көңүл калууларга алып келээрин түшүнүшү керек. Эгерде беттор акырындан максатына жетип жатса, ал кол күүшүрүп коюусу ыктымал. Акырындап жасалган кадамдар чоң ийгиликке алып келет. Ошондуктан, бетторлорго максаттарын кичине кадамдарга бөлүп алууну сунуштайбыз.  

Реалдуу күтүүлөр туура колдонсо максатка жеткирет. Оюнчу ортодогу максаттарына жеткенде, бул андан ары аракет кылууга кошумча стимул болот.

Спорттук ставкалардагы күтүүлөр тууралуу сөз кылалы. Оюнчу париден киреше таап, аны негизги киреше түрүнө айландыргысы келип жатат. Максат аныкталды. Бирок, бул жаңы колдонуучуга татаал болот. Бул учурда реалдуу болуп, 20% киреше алууга умтулуу керек (бир жыл ичинде). Бул реалдуу максат болуп саналат.

Каталарды кабыл алуу жана алардан үйрөнүү

Бардык оюнчулар катачылык кетиретю АЛбетте, тажрыйбалуу оюнчулардын арасында бул пайыз азыраак. Бирок, букмекерге уттуруп жибербеген оюнчу болбойт. Ошондуктан, ар бир утулушка кайгыра берүү болбойт. Тескерисинче, утулуш — стратегияны карап чыгууга мүмкүнчүлүк.

АР бир беттор үчүн маанилүү кадам болуп утулуштан сабак алуу эсептелинет. Ошондуктан, ар бир утулган парини максималдуу түрдө баалап, стратегияны оптимизация кылуу зарыл. Ошол гана учурда оюнчу профессионалдуу деңгээлге жете алат.

Ката кетирүү мисалдарын келтирели. Эгерде оюнчу туура эмес серияга түшүп, утулушту дагы да көп ставка кылып компенсация кылам деп ойлоп жатса, бул туура эмес чечим. Жакшысы жаңы ставкалардан баш тартуу керек. Бир канча күндөн кийин абалды баамдап, утулушка эмне таасир берди аныктоо керек.

Ийгилик дароо келбейт

Жаңы колдонуучулар ставкалардан дароо эле киреше алгысы келет. Бирок, биринчи утулуштардан кийин эле көңүл калуу жаралат. Бул учурда максатка жетүүгө шыктануу керек. Эгерде жолдо утулуштар болсо, кол жуушуруу керек эмес. Тоскоолдуктарды жеңе билген оюнчулар гана максатка жетишет.

Тез байып кетүү реалдуу эмес. Бул план ишке ашпайт. Ошондуктан, узак убакытка план коюу шарт.Спорттук беттингдеги ийгилик убакытты жана эмгекти талап кылат.

Өз кыялыңа ишенүү

Ийгиликке жетүүдөгү акыркы кадам — оюнчунун кыялына болгон ишенүүсү. Беттор кандай максат койбосун, анын ишке ашуусуна ишенүүсү керек. Ушул учурда гана оюнчу максималдуу аракет кылып, ийгиликке жетише алат.

Өзүнө ишенүү — бул маанилүү фактор. Мурунку сабактарда биз бул темада талкуу кылганбыз. Эгерде оюнчу тажрыйбасынан тышкары, ишенүүгө ээ болбосо, анда ага кыйын болот. Мисалы, 1000 доллар киреше ар бир ай сайын алуу. Ошондуктан кыялга карай кол жуушурбаш керек. 

Биз айткан кеңештер өзүнө ишенүү боюнча пайдалуу болду деп ишенебиз. 


melbet Portugal

Ошондой эле окуңуз